www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго ыраазычылык кат жолдоду.
Мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовго Түркмөн жергесине болгон расмий сапарынын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы жана кыргыз делегациясына көрсөткөн сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Сапардын алкагында өткөн иш-чаралар, айрыкча Сиз менен конструктивдүү жана бири-бирине ишеним арткан маанайда өткөн жолугушуулар кыргыз-түркмөн бир туугандык алакаларынын өнүгүүсүнүн дагы бир тарыхый тепкичи болуп калды. Ал жолугушуулардын алкагында жетишилген макулдашуулардын айрымдары тез арада иш-жүзүнө ашып жатышына абдан кубанычтамын», — деп белгиленет Садыр Жапаровдун жолдогон ыраазычылык катында.
Президент Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы бир туугандык мамилелер жана стратегиягиялык өнөктөштүк эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары дагы кеңейип, тереңдей берерине бекем ишенет.
Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедовду Кыргыз Республикасына жооп сапар менен ыңгайлуу, каалаган убакытта келип-кетүүгө чакырып, ага бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине ачык асман жана гүлдөп өнүгүүнү каалады.
Булак: NazarNews.kg