www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктан коргонууга чакырат. Мындай учурда көрө турган чаралар тууралуу басма сөз кызматы айтып берди.
Үй-бүлөлүк зомбулук деген эмне?
Бул бир үй-бүлө мүчөсүнүн экинчисине карата физикалык, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык кысымдарды атайылап колдонушу, анын кесепетинен денеге жаракат келтирилет,адам эмоционалдык жактан жабыркайт, ар кандай кемсинтүүлөргө дуушар болот.
Үй-бүлөлүк зомбулук — жабырлануучунун макулдугуна, эркине жана кызыкчылыктарына карама-каршы келип, белгилүү бир максатта жүзөгө ашырылган үй-бүлө мүчөлөрүнүн биринин максаттуу эмоционалдык же күчтөп мажбурлоосу/аракети. Үй-бүлөлүк зомбулук зомбулуктун башка түрлөрүнөн негизги айырмачылыгы — жакын же үй-бүлөлүк мамиледе болгон адамдардын ортосунда гана болот.
Эгерде критикалык кырдаал укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүн талап кылбаса же аны чечүүгө мүмкүн болсо дагы, бир катар алдын алуу чараларын көрүңүз:
- коркунуч жаралган учурларда бара турган коопсуз жайыңыз бар болушу керек (туугандарыңыз, досторуңуз);
- үй-бүлөңүздө болуп жаткан кырдаал жөнүндө жакындарыңыз кабардар болушу керек;
- милиция менен коркутпаңыз (бул үйдөгү зөөкүр адамыңыздын күтүүсүз реакциясын жаратышы мүмкүн), өз убагында анын өкүлдөрү менен байланышыңыз. Мыйзам сиз тарапта экенин эсиңизден чыгарбаңыз!
Окуя болгондон кийин эмне кылуу керек, ким менен байланышуу керек, кайда баруу керек?
Окуядан кийин дароо тез жардам бөлүмүнө кайрылып, алган жаракаттарды жаздыртып, милицияга кабарлоо керек. Кризистик борборлорго баруудан тартынбаңыз. Ал жерде сиздин кандай эмоционалдык абалда экениңизди билген, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтө турган адамдар иштешет, керек болсо убактылуу жашоого шарт түзүп беришет.
Эгерде сиздин өмүрүңүзгө жана ден соолугуңузга кандайдыр бир коркунуч туулса, жардам суроого аракет кылыңыз жана болгон окуя боюнча милицияга кабарлаңыз. Ал үчүн 102 номуруна чалыңыз же ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүгө кабарлаңыз.
Ошондой эле 111 (балдар үчүн) номурлары аркылуу чалсаңыз болот.
Үй-бүлөлүк зомбулук — бул оор кесепеттерге алып келген кайгылуу тажрыйба. Зомбулук канчалык узакка созулуп жана күч колдонулган сайын, ошончолук терең жаракат алат. Эң оор учурда психологиялык травма өнөкөткө айланып, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg