www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-июнда, Италия Республикасынын президенти Серджо Маттарелланы Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Италия Республикасынын улуттук майрамы — Италия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын ортосунда көп тармактуу кызматташуунун чоң потенциалы бар. Аны эки элдин кызыкчылыгы үчүн ишке ашыруу максатында өз ара тыгыз байланыштар мындан ары да бекемделе берет деп терең ишенем» деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Садыр Жапаров Серджо Маттареллага чын ден-соолук, бакубатчылык, ал эми Италия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости