www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин чалгындоо кызматынын мурдагы офицери жана ал негиздеген фирма Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде сүрөөнгө алат. Бул тууралуу «Foreignlobby.com» басылмасы жазып чыкты.
«Фирма президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун АКШнын расмий өкүлдөрү, Израилдин премьер-министри, араб мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштуруунун милдетин алууда» деп жазган басылма.
«Бийликке эки жума мурда эле кайдан-жайдан келгени белгисиздей сезилген, Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экономикалык кризистин айынан эл аралык жардам алуу максатында өз кызыкчылыктарын сүрөш үчүн бир миллион долларлык келишимге кол койду. Садыр Жапаровдун өкмөтү 30-октябрда Израилдин мурдагы аскер чалгынчысы Ари Бен-Менаш менен макулдашты. Ага ылайык Бен-Менаштын Монреалда иш алып барган «Dickens&Madson Canada» компаниясы Кыргызстандагы бийликти АКШ менен Жакынкы Чыгышта сүрөөнгө алып, бул аймактардын чечим чыгаруучу мамлекеттик кызматкерлери менен тез арада экономикалык кызматташтык, коопчуздук, COVID-19 менен күрөшүүдө жардам алуу боюнча келишимдерге жетүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүн шарттоо, алар менен жолугушууларды уюштуруп берүүнү жана кызыкчылыктарын сүрөөнү ишке ашырмакчы. Бул үчүн иш акысы бир миллион долларга бааланып, кыргыз тарап 500 миң долларын төлөгөнү документтерде тастыкталды», деп айтылат макалада.
Андан тышкары Бен-Менашенин Жакынкы Чыгыштагы байланыштарына таянуу менен бул региондон да жардам изделет.
Ошондой эле келишимге ылайык, Садыр Жапаровдун Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолугушуусу уюштурулуш керек. Ал эми Сауд Аравиясынын, Бириккен Араб Эмираттарынын бийлиги Кыргызстандын жол инфраструктурасына, өлкөнүн шахталарын жана мунай зат чыгуучу кендерин иштетүүгө инвестиция кылуусу үчүн Садыр Жапаровдун Эр-Рияд жана Абу-Дабиде да жолугушууларын уюштуруу каралган.
Израилдин өкмөтүнөн Кыргызстандын айыл чарбасына жана өлкөнүн коопсуздугуна инвестиция кылуу суралышы мүмкүн. Ал эми АКШнын жеке менчик ишканалары Кыргызстандын айыл чарбасына, айрыкча пахта өстүрүү жаатына инвестиция кылуусу каралат.
Кыргызстандын бийлигинин атынан мындай келишимге Карчыгаев Абдыманап Жолдошевич кол койгон. Келишимде «Ренессанс» агрардык-өндүрүш корпорациясынын мөөрү турат.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Ренессанс» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрү болуп Карчыгаев Алтынбек Абдыманапович, Карчыгаев Кайратбек Абдыманапович, Абдыманап кызы Күмүшай саналат.
Булак: NazarNews.kg