www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-Ноябрда Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн айрым ишкерлерден дебитордук карыздарды өндүрүү жана аларды шаардын балансына кайтаруу иштери улантылып жатканын жалпыга маалымдаган.

"Бүгүн, 3-ноябрда муниципалдык менчиктеги турган жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия өткөрүлөт, анда милдеттенмелерди аткарбагандар (ижара акысын төлөбөгөндөр, жер участокторун башка багытта пайдалангандарт ж.б.) менен бир тараптуу  келишимдик мамилелерди бузуу маселеси каралат. Бизде  “сыйлабаган” 223 ижарачы бар алардын карызы 380 миллион сомго жетти"-деп мэрдин кайрылуусун ишкерлерге, карыздарларга жана ошондой эле шаар тургундарына кайрылуусун жарыялаган. 

Буга байланыштуу, КТРКнын мурдакы жетекчиси Илим Карыпбеков Фейсбук социалдык баракчасында Балбак Түлөбаевге кайрылуу жасады. Өз сөзүндө Илим Карыпбеков ошол карыздар болуп калган ишкерлер менен мэрди жеке жолугушууга чакырбай, ал ишкерлердин эмне себептен карыздар болуп калганын аныктап-тактап сурабастан колунда бар көр оокатын тартып алууга аракет кылганы туура эмес экенин айтып, Түлөбаев өзү Кыргызстан буга чейинки башынан өткөргөн карантинде эмне кылганын сурады. Илим Карыпбековдун кайрылуусун толугу менен төмөндөгү видеодо көрө аласыздар. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости