www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров:

Өлкөдө калктын көбү орточо кирешеден төмөн жашайт, деп билдирди президент Садыр Жапаров 25-декабрдагы өкмөт жыйынында.

«Эл пенсиянын, жөлөк пулдун өлчөмүн көбөйтүү, турак-жай менен камсыз кылуу, мыйзамсыз жер тилкелерин мыйзамдаштырууну суранууда», - деди ал.

Ал кандай иштер аткарылганын айтты:

- 2022-жылдын 1-январынан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алгандар үчүн 1 кВт саат электр энергиясынын баасы 77 тыйындан 50 тыйынга чейин арзандады. Бул болжол менен 112 миң үй-бүлө;

- Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары үчүн 1000 кВт сааттык чектөө алынып салынды;

- Балдар үйлөрүнүн тамактануусуна каражат көбөйдү;

- Пенсиянын өлчөмү көбөйдү;

- 1-октябрдан тарта мамлекеттик жөлөк пулдардын өлчөмү 50 пайызга жогорулатылды, 2022-жылдын 1-январынан тартып андан да көбөйөт;

- Толук жетим балдарга берилүүчү пособиянын көлөмү көбөйтүлдү.

Президент саламаттыкты сактоо жана маданият тармагында иштегендердин айлыктары жогорулаганын айтты. Мугалимдердин айлык акысын көтөрүү пландалууда, деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости