www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасынан Бишкекке кирип келе жатканда кармашкан. Буга анын Кум-Төр маселесине байланыштуу митинги себепкер болгон. Ага Кылмыш Кодексинин төрт беренеси менен иш козголгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутатын кишини барымтага алды деп 11 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
Сот 2013-жылдын 7-октябрында Жапаров уюштурган Караколдогу митинг учурунда анын катышуучулары өкмөттүн ошол кездеги өкүлү Эмил Каптагаевди автоунаага күч менен түртүп киргизгендигин айткан.
Жапаров 2019-жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Мамлекет башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан болчу.
Ал абакта отурган жылдары - 2017-жылы атасы Нуркожо Мустали уулу, 2019-жылы энеси Кадича Жапарова жана уулу Дастан каза болду.
Булак: NazarNews.kg