www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн ишемби күнү Бишкектеги “Достук” мейманканасында абактагы саясатчы С. Жапаровдун тарапташтары жана “Садыр Жапаровду коргоо элдик кыймылы” тарабынан белгилүү коомдук-саясый ишмерлер, юристтер, журналисттердин катышуусунда тегерек стол өткөрүлдү. Жыйында С. Жапаровду боштондукка чыгаруу талабы коюлуп, резолюция кабыл алынды. Төмөндө С. Жапаровдун жактоочусу Замирбек Базарбековдун ошол жыйында жасаган докладын сунуш кылмакчыбыз. Окурман журту үчүн С. Жараповго карата колдонулуп жаткан кыргыз мыйзамдарынын оош-кыйыштары зор кызыгуу жаратат деген ойдобуз!
Замирбек БАЗАРБЕКОВ: абактагы Садыр Жапаровдун жактоочусу:
Өзүңүздөргө аздыр-көптүр белгилүү болгондой Жапаров Садыр Нургожоевич Биринчи май райондук сотунун 2-август 2017-жылдагы өкүмү менен тергөө органдары тарабынан мурдагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгү аркылуу 113-беренесинин 2-пункту, 341-беренесинин 2-бөлүгү, 234-беренесинин З‑бөлүгүнүн 3- пункту менен угузулган айыптары боюнча аракетинде кылмыштуулуктун курамы жок болгондуктан жана кылмыштарды жасоого катышуусу далилденбегендиктен актоо өкүмү чыгарылып, ал эми Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесинин 4- бөлүгү аркылуу 227-берененин 2-бөлүгүнүн 1,3-пункттары боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 (он бир) жыл алты айга эркинен ажыратылган.
Жогорудагы биринчи инстанциядагы соттун өкүмү экинчи инстанциядагы Бишкек шаардык соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотторунун чечимдери менен күчүндө калтырылган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 30-апрель 2019-жылдагы токтому менен 1-январь 2019-жылы күчүнө кирген жаңы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайыкташтырылып, Жапаров Садыр Нургожоевичке чектелген жаза төмөндөтүлүп, 10 (он) жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленген. Соттук актылардан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 16-беренесинин З‑бөлүгүнүн 3-пункту алынып салынган.
Так айтканда, жогорудагы Жапаровго карата чыгарылган соттордун өкүмдөрү күчүнө кирип, жазасын тийиштүү мекемеде өтөп жаткандыктан Жапаров С. Н., жана анын адвокаты тарабынан 13-июнь 2019-жылы Чуй областынын Аламудун райондук сотуна Кыргыз Республикасынын 27-январь 2014-жылдагы “Жалпы адам укуктарынын декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамын колдонуу тууралуу арыз менен кайрылууга туура келди. Бир эле учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын №1-мекемеси тарабынан дагы жогорудагыдай эле Жапаров Садыр Нургожоевичке карата “Мунапыс жөнүндө” мыйзамды колдонуу жөнүндө сотко сунуш келтирилди.
Тилекке каршы, Чуй областынын Аламүдүн райондук сотунун 16-июль 2019-жылдагы токтому менен сот мыйзамды туура эмес чечмелеп, “мунапыс мыйзамын колдонуунун алты айлык мөөнөтүөткөрүлүп кеткендиктен” деген негизде арыз жана сунуштар канааттандырылуусуз калтырылган.
Чуй областынын 19-август 2019-жылдагы аныктамасы боюнча жогорудагы биринчи инстанциядагы соттун мыйзамсыз токтому күчүндө калтырылган.
Аргасыздан, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун мыйзамга туура келбеген негизсиз токтом, аныктамаларына карата кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанып, натыйжада Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 12-ноябрь 2019-жылдагы токтомунун негизинде Чуй областына караштуу Аламүдүн райондук сотунун 16-июль 2019-жылдагы токтому жана Чуй областтык сотунун 19-август 2019-жылдагы аныктамасы мыйзамсыз болгондуктан бузулуп, бирок соттолгон Жапаров Садыр Нургожоевичке карата мунапыс мыйзамын колдонуу жазасын өтөп жаткан мекеме тарабынан колдонула тургандыгын ачык түрдө баса көрсөтүлүп, чечим кабыл алынды.
Ооба! Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 441-беренесинин талабына ылайык “кассациялык инстанциядагы соттун соттук чечимдери алар жарыя кылынган учурдан тартып дароо мыйзамдуу күчүнө кирет жана биротоло болуп эсептелет, даттанууга жатпайт жана ушул Кодексте каралган тартипте аткарылат”.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жогорудагы 12-ноябрь 2019-жылдагы чечимине таянып, Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын 27-январь 2014- жылдагы “Жалпы адам укуктарынын декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамын колдонуу тууралуу 20-ноябрь 2019-жылы расмий арыз менен эми жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик Кызматынын №1-мекеменин жетекчисине кайрылдык.
Убакытты создуктурушуп, бир айдан кийин, так айтканда 25-декабрь 2019-жылы № 275о- 19 сандуу каты менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасынын орун басары С. Бакасов тарабынан жогорудагы мунапыс мыйзамын колдонуу “…соттун токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат, ал эми 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин талабына ылайык, мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуунун субъектиси болуп аткаруучу ыйгарым укуктуу органдан келип түшкөн материалдар боюнча же кылмыш иши боюнча — анын өндүрүшүндө турган судья (сот) болуп саналат”- деп, жооп берилди.
Мыйзам боюнча жогоруда айтылгандай Жогорку соттун чечими акыркы, даттанууга жатпасын, сөзсүз түрдө аткарылышы милдеттүү экендиги белгилүү. Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесине ылайык “…мыйзамдарды так жана бирдей аткаруусуна көзөмөлдүк жүргүзгөн” Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун атайын прокуратурасы тарабынан расмий түрдө жооп берилип жаткандыгына да көңүл буруу абзел болсо керек.
Ошентип, кыргызда “ит итин, ит куйругун жумшайт” дегендей эле акыбалда туруп калдык.
Сот, прокурор жана өкмөткө караштуу Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик Кызматынын ортосунда Жапаров Садыр Нургожоевичке келгенде мыйзамдарды колдонууда талаш-тартыш жаралгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайрылууга туура келди.
Анткени, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинде “ченемдик укуктук актыларда так эместиктер, аларды колдонуу практикасында туура эместиктер же карама-каршылыктар табылган учурда расмий чечмелөө (түшүндүрмө) берилет, ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин расмий чечмелөө (түшүндүрүү) Конституцияны кошпогондо, ошол актыны кабыл алган же чыгарган ченем чыгаруучу орган же кызмат адамы тарабынан ченемдик укуктук актыны кабыл алуу жолу менен жүзөгө ашырылат”- деп көрсөтүлөт.
Жогорудагы мыйзамдын 5-беренесине ылайык ченем жаратуучу органдарга (кызмат адамдарына) “Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт, Улуттук банк, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия, жергиликтүүөз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүүү органдары” кирет.
Ошондуктан, Жапаров Садыр Нургожоевичке мунапыс мыйзамы кайсыл органдар тарабынан колдонула тургандыгын чечмелеп (түшүндүрүп) берүү жөнүндө расмий арыз менен 13-январь 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине кайрылдык.
Мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан дагы мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттүөткөрүп, 7- февраль 2020-жылы N2 12–218/20 сандуу каты аркылуу “Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары белгиленип, аталган берененин 9-бөлүгүнө ылайык Жогорку Кеңеш Конституцияда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктары менен гана чектелген жана жогорку Кеңештин кабыл алган укуктук ченемдик актыларга расмий чечмелөө (түшүндүрмө) берүү боюнча ыйгарым укуктары каралган эмес, ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын чегинен чыга албайт”- деп билдирилди.
Абсурд! Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогорудагы расмий билдирүүсүнө таянсак, анда “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы мыйзамсыз кабыл алынганбы!? Анткени, дагы бир жолу кайталаганда аталган мыйзамдын 31-беренесинде так жана ачык түрдө мыйзамдарды колдонуу практикасында (тажрыйбада) туура эместиктер же карама-каршылыктар табылган учурда расмий чечмелөө (түшүндүрмө) берилет, чечмелөө ошол актыны кабыл алган же чыгарган орган тарабынан жүзөгө ашырыла тургандыгы так көрсөтүлүп жатпайбы!?
Мындан сырткары, ошол, эле Кыргыз Республикасынын Негизги мыйзамынын 5-беренесинин З‑бөлүгүндө “мамлекет, анын органдары, жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт”- деп көрсөтүлөт.
Эгерде, кабыл алынып, мыйзамдуу күчүнө кирип, иштеп жаткан ”Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамы Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы кабыл алынган болсо, анда бул — мыйзам чыгаруу бийлигинин мамлекеттик деңгээлдеги чоң, кризиси деп ойлойм.
Анткени, жогоруда аталган мыйзам ушул мыйзамдын 4-беренесине ылайык конституциялык мыйзам болуп саналат, ал эми «конституциялык мыйзам — Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген тартипте жана белгиленген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт» – деп түшүндүрүлөт.
Мындай жагдайда, мыйзамдардын иштетилбей жаткандыгынын натыйжасында дүйнөгө бир эле жолу жаралган адамдын укугу бузулуп жатат десек болот. Так айтканда, жалгыз гана Жапаров Садыр Нургожоевич эмес, бир топ адамдардын укуктары бузулуп жатса керек деген божомолдоолор пайда болууда.
Мына ушундай бийлик органдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында эл арасында “Жапаров Садырга бийлик тарабынан атайылап мыйзам колдонулбай жатат” деген жана башка сын пикирдеги сөздөр айтылууда.
Анткени, мисал катары факты менен айта турган болсок ошол эле Жапаров Садыр Нургожоевич жазасын өтөп жаткан азыркы №1-мекеменин полковниги О. Кадыралиев тарабынан 26-август 2019-жылдагы токтому менен Жоробаев Кыдыралы Рахманбердиевич аттуу адамга Кыргыз Республикасынын 27-январь 2014-жылдагы “Жалпы адам укуктарынын декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзамы колдонулуп, белгиленген жазасы % бөлүгүнө кыскартылган чечим кабыл алынып, аталган токтом Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы тарабынан “санкцияланып” бекитилген.
Демек, “калк айтса, калп айтпайт” дегендей, Жапаров Садыр Нургожоевичке мыйзамдардын колдонулбай жаткандыгы тууралуу элдин коңгуроосу негиздүү экендигин далилдесе керек.
Парадокс! Үч ай мурда бир адамга мунапыс мыйзамы колдонулуп, ал эми үч айдан кийин С. Н.Жапаровго келгенде колдонулбай калып жатат!?
Дагы бир айта кете турган факт! Жапаров Садыр Нургожоевичке тиешелүү топтолгон материалдардын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ырайым берүү маселелери боюнча комиссиясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик Кызматынын №1-мекемесинин жетекчилиги тарабынан бир топ убакыт өткөндүгүнө карабастан белгисиз себептер менен жиберилбей жаткандыгы болуп жатат. Бул тууралуу прокуратура, ЖАМК жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чейин кайрылып, бирок ушул убакытка чейин тиешелүү жыйынтык чыгарыла элек.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жоопту катчысы К. Ж. Кыдырбаевтин 25-ноябрь 2019-жылдагы № Б‑7432/32 сандуу жообунда «Жапаров С. Н., тин ырайым берүү жөнүндө арызы материалдарды толуктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын №1-мекемесине жиберилип. бирок тийиштүү материалдар мекемеден ушул күнгө чейин келип түшө электигин» билдирет. Бирок, эмне үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы тарабынан расмий түрдө жиберилген тапшырмасынын аткарылбай жана көзөмөлгө алынбастан көз жаздымында калтырылып жаткандыгы кайрадан элдин кызыгуусун күчөтүп, нааразычылыктар күн санап өсүп жаткандыгы байкалууда.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык “ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү сурануу укуктары эч чектелүүгө тийиш эмес”.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренеси, Эл-аралык граждандык жана саясий укуктар жөнүндө пактынын 26-беренеси боюнча “бардык адамдар эч кандай дискриминациясыз мыйзам алдында тең укуктарга ээ жана мыйзам тарабынан бирдей корголот”.
Чындыгын айтканда, түшүнүп, түшүнбөй дагы мыйзамдуу күчүнө кирген мыйзамдарды жамандаган көрүнүштөр жашообузда аз эмес. Бирок, ошол айтылып жаткан жаман жана жакшы деген мыйзамдардын аткарылбай жаткандыгына баа берилбей келиши бул мамлекеттик деңгээлдеги «трагедия» болуп жатпайбы!?
Так айтканда, мыйзамдардын бир адамга колдонулуп, ал эми экинчи бир адам — Жапаров Садыр Нургожоевичке колдонулбай жаткандыгы бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын принциптерин тебелеп-тепсеп, мамлекетибиздин аброюна шек келтиргендик эмеспи.
Анткени, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренеси боюнча “Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) — эгемендүү демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет”- деп көрсөтүлөт.
Урматтуу катышуучулар! Азыркы убакта, Жапаров Садыр Нургожоевич соттун чечиминин негизинде жазасын өтөп жатат. Соттордун чечимдери мыйзамдуу күчүнө киргендиктен азырынча сөз кыла албасак керек.
Бирок, айта кетүүчү жагдай биз жогорудагы жазасын өтөп жаткан мекемеге бир эмес, эки жолу кайрылып, анда алар тарабынан биринчи жолу 8-июнь 2019-жылы, экинчи жолу 17-сентябрь 2019-жылы беришкен маалыматтарында Жапаров С. Н., жазасынын 1/3 бөлүгүн 5-февраль 2020-жылы өтөгөндөн кийин жатак-абагына, ал эми жазасынын үч бөлүгүн 5-октябрь 2021-жылы өтөгөндөн кийин мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотула тургандыгын так жана ачык көрсөтүшкөн.
Бирок, тилекке каршы кечээ жакындан бери интернет булактарынан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик Кызматы тарабынан «Жапаров Садыр Нургожоевич уюшкан топтун мүчөсү катары кылмыш жасагандыктан жатак-абагына чыгарылбайт, №1-мекеме бул жагдайды эске албастан маалымат берген» – деген мыйзамга туура келбеген маалыматтарды таратышты.
Анткени, Кыргыз Республикасынын мурдагы Кылмыш жаза кодексинин 30-беренесинин 4-бөлүгүндө, азыркы жаңы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгүндөгү «кылмыш жасоону уюштурган адам» менен «уюшкан топту түзгөн адамды» чаташтырышып маалымат таратып жатышат. Расмий тилде «организатор» менен «создавшее организованную группу или преступную организацию» деген кылмышка катышуучулуктардын түшүнүктөрүн алмаштырып жатышат.
Мындан сырткары, соттун өкүмү боюнча Жапаров Садыр Нургожоевич «уюшкан топту түзгөн адам» катары кылмыш жасагандыгы жөнүндө айыпталган эмес, өкүмдө “адамдардын тобу тарабынан өмүргө же саламаттыкка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү, же өлтүрөм деп коркутуу менен уюштуруу болуп саналат”- деп айыпталган.
Бул жөнүндө юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев өзүнүн статьясында түшүнүктүү кылып айтып көрсөтүп кеткен.
Барынан кызыгы, ушул эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик Кызматынын №1-мекемесинин жетекчисинин сотко берген сунушунда Жапаров С. Н., “не совершал преступление в составе ОПГ, ОПС, преступление не признано при OP, OOP”- деп, ачык жана так көрсөтүп жатышат.
Демек, Жапаров С. Н., соттун өкүмү боюнча “уюшкан топту түзгөн адам” катары соттолбосо, ЖАМКнын өздөрүнүн жогорудагы өз сунуштарында “не совершал преступление в составе ОПГ и ОПС, ИИМде учетто турбайт”- деп көрсөтүп жатышса анан кандайча болуп кечээ жакындан бери кайра ошол эле ЖАМК тарабынан “ОПГ”, “ОПС” болуп калат!?
Кыргыз Республикасынын ИИМне Жапаров Садыр Нургожоевич “уюшкан топтун мүчөсү” — “ОПГ”, “ОПС” катары учётто турабы, же турбайбы, турса кайсыл кылмышы үчүн тургандыгын билдирүүнү сурап, расмий түрдө кат менен кайрылганбыз. Азыркы учурда мага жообу бериле элек. ИИМнин тийиштүү кызматкерлеринин оозеки билдирүүсүнө ишенсек, анда учётто турбагандыгы айтылууда.
Урматтуу катышуучулар! Жогорудагы фактыларды тийиштүү далилдер менен Сиздердин талкууңуздарга колдон келишинче маалымдадым. Көңүл бурганыңыздарга чоң, рахмат!
Замирбек Базарбеков
15-февраль, 2020-жыл
Булак: “Жаңы Ордо”