www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Джо Байден өлкөнүн 2022-жылга карата бюджетинин долбоорун Конгресстин кароосуна жөнөттү.
6 триллион долларлык бюджетке жакыр жана ортоңку катмардагы америкалыктар үчүн жаңы чыгымдар, инфраструктурага, билим берүүгө жана киберкоопсуздукка багытталган сунуштар кирди.
Быйыл январда ишке киришкен Байден үчүн чыгаша боюнча бул алгачкы долбоор анын саясий артыкчылыктарынын фискалдык планы жана, балким, долбоорду беките турган Конгресс менен бир нече айга созулушу ыктымал оор сүйлөшүүлөрүнүн башталышы болот.
Эгер бюджет жактырылса кирешеси көп ишканалар жана адамдар көбүрөөк салык төлөй башташат жана ошол акча жаңы социалдык программаларга, мисалы, беш жашка чейинки наристелер үчүн бала бакча ачууга жумшалат.
Өкмөткө караштуу агенттиктердин киберкоопсуздугуна жүз миңдеген миллион доллар сарптоо сунушталып жатат.
Бюджет 1-октябрда ишке ашырыла башташы керек болот. Анда каралган сумма мамлекеттик чыгашанын пандемияга чейинки көрсөткүчүнөн 50 процентке көп. Бюджеттин тартыштыгы 1,84 триллион доллар болору, бул соңку эки жылдан берки көрсөткүчтөн кыйла төмөн экени айтылууда.
Булак: NazarNews.kg