www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров: Кыргызстан эч качан Түркмөнстан болбойт

Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүргөн президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров эл менен жолугушууда суроолорго жооп берди.

Суроо-жооп учурунда ал: «Кыргызстан эч качан Түркмөнстандагыдай болбойт. Айрым саясий күчтөр оозуна алы жетпей ушинтип айтып жатат. Оппозициялык күчтөрдү бийликке тартып жатам», - деди.

Эске салсак, 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламент шайлоолорду өз убагында өткөрүү маселесин чечип бериши зарыл деп эсептей турганын билдирген. «Конституцияны уруп ойнобойлу, «элдин талабы» деген талапка жамынып өткөрбөй коёлу да, накта президенттик бийлик формасын жасайлы деген тарап. Эгер ошол система кирсе, бизде Өзбекстан же Казакстан эмес, Түркмөнстан болот. Түркмөнстандын парламентиндей болуп жүгүнүп кол чаап турасыңар! Бар, арабызда жүгүнүп кол чаба тургандар. Ийилип кол чабасыңар. Келет ал. Келип жатат. Каалоочулар айтып жатат. Эл-журт, парламент, тандагыла!» - деген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости