www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров менен Эрдоган эмнени талкуулады?

Анкара шаарында Манастын эстелигинин ачылышы болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин белгилүү болду.

Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, мамлекет башчылары саясий, маданий-гуманитардык, эки тарапты кызыктырган багыттар боюнча кызматташууну талкуулашкан.

"Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өлкөлөр ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө кошкон зор салымын жогору баалады. Ошондой эле Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата эртең ачыла турган Манастын эстелиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Президенттин айтымында, бул окуя Кыргызстан үчүн чоң символикалык мааниге ээ", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Эрдоган Жапаровду Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракеси менен куттуктаса, Жапаров түрк эли 30-августта белгилеген Жеңиш күнүнө карата куттуктоо сөздөрүн айткан.

Андан сырткары, президенттер кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги окуялар учурунда Баткен облусунда жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү жөнүндө да сөз кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости