www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин бийлигине каршы көтөрүлүштү баштаган деген айып менен Садыр Жапаров камакка алынды. Анын камалганына нааразычылык билдирген митингге катышкандыгы үчүн  Профессор Каныбек Османалиев да камалып,  түрмөдө отурат ...

Садыр Жапаров Атамбаевдин коррупцияга жана куугунтук саясатына каршы чыгып, Күмтөрдөгү мыйзамсыздыкты айтып,  бийликтин кекиртегине сөөк болуп тыгылган.  Мени камай сала турган  кылмыш иш ачылган эмес деп өзүнө ишенип, Кыргызстанга  келген. Тилекке каршы, чек арадан эле камакка алынган. Садыр Жапаровго жолугабыз деп тынч митингге чыккан  балдары, тарапташтары камакта. Андан көп өтпөй Садыр Жапаров өзүнө өзү кол салды деген маалымат тарап, кызыл жаян кан болгон, кыймылсыз жаткан сүрөтү тарап, коомчулук дүрбөлөңгө салган. Баласынын сүрөтүн көрүп, Нуркожо ажынын абалы кескин начарлап кеткен... Уулун көрсөм деп көксөп атып, бул дүйнө менен кош айтышты. Бирок, ошол кездеги бийлик Алмазбек Атамбаев атасына топурак да салдырган жок. Кыскасы, Садыр Жапаровду ар тараптан кысты.

Атамбаев бийликте турган жылдары, Кыргызстанды жеке кызыкчылыгына пайдаланып, Бенефиттик топтун жардамы менен башкарды. Атамбаев Сооронбай Жээнбековду өзүнүн адамы катары көргөнү үчүн бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берди.

Бирок, президенттик кызматка киришкенден  кийин, Атамбаевдин коррупциялык иштери калкып чыкты. Жыйынтыгында мыйзамсыз иштери иликтенип, тиешелүү адамдар камакка алына баштады. Аларды коргоо максатында түрдүү билдирүүлөрдү таркатып, жыйынтыгында ойго түшкө кирбеген аракеттерге жол берип, бийликти басып алуу жана адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Садыр Жапаров да, Каныбек Осмоналиев да Атамбаевчелик күнөө кылган эмес. Булар бийликти басып алабыз деп эч качан аракет да кылган эмес. Атамбаевдей болуп, ок атып, бирөөнүн да өмүрүнө коркунуч жараткан эмес. Бийлик ошону эске алып, эркиндикке чыгарса, элдин ишенимине ээ болмок... 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости