www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Жолдошбек Орозовду кепке тартып, Шадиевге чыккан соттун чечими тууралуу пикир алыштык.

--Жолдошбек мырза, Кыргызстанда адилеттүү тескөө жүргүзгөн органдар, адилеттүү чечим  чыгарган соттор барбы?

--Акыркы мезгилде Кыргызстан мыйзамсыз күн кечирген мамлекет катары жашап калгандай сезилет. Анткени, бардык бийлик бутактары мыйзамды тебелөө башкача айтканда тоготпоо ыкмасына өтүп алышкандыгы жаш балага да маалым десек жаңылышпасак керек?... Дегеле мыйзамды надзордук таза, акыйкат тескөө барбы? Бир сөз менен айтканда, бул чечимдин ардында көмүскө көп оюндар бар экендиги айтпасада түшүнүктүү?...

--Аскарбек Шадиевге чыккан соттун чечими бийликтин коррупция менен күрөшүн таптакыр жокко чыгарып салган жокпу?

--Эбегейсиз элдин ырыскысын, мамлекеттин казынасын тоногон коррупционерге мындай жеңил чечим чыгаруу менен Биринчи май райондук соту бир гана өзүн эмес, болгон бийлик бутактарынын өзгөчө Прокуратура, тергөө, сот тутумдарынын саясий кризиске такалгандыгын аныктап салды. Акыйкатты, чындыкты, мыйзамдуулукту Кыргызстандан күндүзү чырак менен издесең да таппайсың бурадар. Дагы көптөгөн түрмөктөлгөн окуяларга дуушар болорубуз бышык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости