www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге Татарстандагы авиакырсыктан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

"Россияда болгон авиакырсыктан улам каза тапкандар тууралуу оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атыман курман болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул трагедиядан жабыркагандардын баарынын тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат көңүл айтуу катында.

Эске салсак, 10-октябрда Татарстандын Мензелинск шаарында L-410 учагы кулап, анын ичиндеги 23 кишинин 16сы каза болгон. Каргашадан жабыркандар ооруканага жеткирилген. Кырсыкка кабылган учактын бир кыймылдаткычы иштен чыгып, учкучтар жерге конууга аракеттенген. 11-октябрь Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости