www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандагы саясий туткундарды коргоо боюнча жарандык комитет Европарламенттин жетекчилигинен тажик бийлигинин оппоненттеринин алты талабын президент Эмомали Рахмонго жеткирүүнү суранды. Тажик президенти Эмомали Рахмон ушул аптада Франция жана Бельгияга расмий сапар менен бараары күтүлүүдө.

Польшадагы тажик оппозициячылары түзгөн жарандык комитет Европарламентке жолдогон катында Европа Биримдигинен Рахмонду саясий атаандаштарын жана алардын үй-бүлөлөрүн куугунтуктоону токтотууга, түрмөдөгү саясий туткундарды бошотууга чакырууну суранды.

Тажикстан бийлиги өлкөдө саясий туткундар жок деп айтып келет. Елисей сарайынын расмий билдирүүсүндө - “Президент Эмомали Рахмонду 13-октябрда кабыл алкк болот” деп айтылган.

Париж менен Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө негизги тема Ооганстандагы абал болоору күтүлүүдө. Ооганстан менен чектеш өлкөлөрдүн ичинен Тажикстан Кабулдагы азыркы режимге каршы позициясын ачык билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости