www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экологияга эсепсиз зыян келтирген «Центарранын» кесепеттерин айтып, дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууга аракет кылган Канышай Рысбекова бүгүн БУУнун башкы төрагасы Антонио Гуттеришке «Кумтөр» иши боюнча «Save Tianshan» тарабынан кабыл алынган резолюцияны жиберди!
Ал бул кадамга барганынын себебин мындайча түшүндүрдү. “Центерранын” бул күнгө чейинки мыйзам бузуулары азыркы былыгынын жанында чети гана болгон. Тагыраагы, 3-октябрь күнү Кыргызстандык экологдор «Центарранын» дагы бир былыгынын бетин ачты. Көрсө алтын өндүргөн компания иштетилген уулу, химиялык реагент, трал, автоунааларды утилизацияга жибербей, аларды жер алдына көмүп келген экен. Анын баары ачыкка чыкты.
«20 жылдан ашуун убакытта «Центерра» кыргыз элине, жеринин экологиясына зулум мамиле жасаганын эч ким тана албайт. Мындай адилетсиздикке чыдап, унчукпай, үйдө жылуу-жумшак отура албайм. Дүйнөлүк коомчулук бул башаламандыкты билиш керек деп эсептейм! БУУга жөнөтүлгөн резолюцияга жакын арада жооп алам деп ишенем!», - дейт активист Канышай Рысбекова.
Булак: NazarNews.kg