www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын бийлиги Ташкен облусунун Кибрай районундагы Эгемендик монументинин курулушуна канча каражат кеткени тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда. Ташкен мэриясы болгону курулуш иштерин түрк компаниясы 63 күндүн ичинде аяктаганын билдирет.

Эгемендик монументи жакында эле өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгынын алдында президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда ачылган «Жаңы Өзбекстан» сейил багынын борборунда жайгашкан. Авторлордун айтымында, монумент өзбек элинин 3 миң жылдык тарыхын чагылдырат. Бийиктиги 60 метрди түзгөн эстеликтин долбоорун Outdoor Factory – Acik Hava fabrikasi деп аталган түрк компаниясынын дизайнери Синан Тураман иштеп чыккан.

Өзбек өкмөтүнө жакын булактардын айтымында, логистикалык чыгымдарды эсептебегенде, монументтин курулушуна мамлекеттик бюджеттен 6 миллион долларга жакын каражат жумшалган. Темир конструкциясынан тартып монументтин алдына тигилген көчөттөргө чейин Түркиядан алып келинген. Түрк адистери болоттон жана жезден жасаган 300 тонналык конструкция Өзбекстанга 85 жүк унаасы жана 16 учак менен жеткирилген. Маалыматка караганда, монументтин долбоору Ташкендин мэри Жахонгир Артыкхожаевге байланышы бар компаниялар аркылуу ишке ашырылган.

Бирок Outdoor Factory – Acik Hava fabrikasi – компаниясынын коомчулук менен байланыш боюнча директору Дарья Балжи алар долбоорду ишке ашырууну ачык тендерден утуп чыккандан кийин баштаганын билдирди.

Эстеликтерди жана тематикалык сейил бактарды даярдоо менен алектенген Outdoor factory – Acik Hava fabrikasi – компаниясы 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш аракети маалында каза болгондорго арна тургузулган Анкара шаарындагы мемориалдын да автору.

Ташкендеги Эгемендик монументи чет өлкөдө бюджеттик каражатка даярдалып, Өзбекстанга алып келинген экинчи эстелик. Быйыл Жалолиддин Мангубердинин 50 тонналык эстелиги Орусияда даярдалып, Үргөнч шаарына жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости