www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда популярдуу адамдар сарбагыш Жапаровдор. С.Жапаров үйүн мамлекетке берип жатса, 60 литр сүт берген уйларды гана багабыз деп А.Жапаров шерденет.

Мамлекет жетекчисинин жубайы канайым Майрам Акаева мамлекеттин таланышына катышып, колун матырып, туалетке чейин кийлигишип калган. Эгер элдин социалдык абалына көз салып, тегиз бөлүштүргөндө, мындай жакырчылыкка жетмек эмеспиз. СССР убагында 1980-жылдары коммунизм курулат деп элдин башын айлантса, «1990-жылы СССРдин ар бир жараны үйлүү болот» деген ураан кеңири тараган.

Бирок, тилекке каршы, 1990-жылдары СССР өзү тарап кетип, андан бери отуз жыл өтсө да, Кыргызстанда үйү жок адамдардын саны арбый баштады. Жарандарды үй менен камсыз кылыш үчүн мамлекет тарабынан ипотекалык ыкма түзүлгөн. Президент Садыр Жапаров ипотекалык банктарга айрыкча көңүл бура баштады. Ал сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө да Кыргызстандын элинин үйлүү болушуна жигердүү салым кошууда. Ал өзүнө тиешелүү үйдү үйү жок адамдарды колдоо үчүн мамлекетке берип, бийик саамалыкты баштады.

Эми анын аркасынан кимдер өз үйлөрүн мамлекеттин эсебинен элге берет? Ипотекалык банктарга жардам берели, мекендештер. Облус-райондордун борборлорунан болсо деле үйүн берсе боло берет экен. Ылайым кудайдын кулагы сүйүнүп, жыкшылыктар улана берсин.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости