www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Тажикстандан түз эле Ошко келди

Тажикстанга барган президент Садыр Жапаровдун сапары жыйынтыкталып, Ош шаарына келгенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Иш сапары аяктаган соң президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, "Өзгөн-Мунара-2021" этно-фольклордук фестивалына катышуу үчүн Ош шаарына келди", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөн шаарында өтө турган иш-чара саат 20.25те башталмакчы.

Эскерте кетсек, мамлекет жетекчиси Душанбе шаарында 16-17-сентябрь күндөрү өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты. Жыйын жыйынтыктары менен декларациялар кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости