www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сегиз ай ичинде инфляция 6,2%ды түзүптүр. Тактап айтканда, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктар 7,6%га кымбаттаган экен. Тышкы соода жүгүртүү январь-июлда 3,8 миллиард сомду түзүп, жыл ичинде 19,6% өссө, экспорт 16,5% төмөндөп, импорт 40,3% жогорулаган.

- Инфляция болуп жатат, экспорт жок, баалар асмандады. Карапайым калктын көрөр күнү кандай болот?

- Инфляциянын, соода жүгүртүүнүн өсүшү баары бири-бирине байланган. Импорттун 40% өсүшү – демек, ковид азайып, дүйнө кыймылдап, соода жанданууда. Кытайда завод-фабрикалар иштеп баштады. Бирок, тилекке каршы, Казакстан аркылуу жүктөр абдан жай келип жатат.

Муну көптөгөн импортерлор, өндүрүшчүлөр айтууда. Экспорт төмөндөгөнү жаман көрсөткүч. Экспорт чыкса, Кыргызстанга акча кирет. Импорт кирсе, Кыргызстандан акча чыгат. Өсүмдүк майы, кумшекерге окшогон азык-түлүктөр 70%га чейин кымбаттаганы байкалды.

Бирок, элдин айлыгы көбөйгөн жок. Пенсияны, мугалим, дарыгерлердин маянасын көтөрүү керек. “Бюджетке кошумча миллиард сом” дегенинин негизги себеби – бул инфляция. Долларга карата сомдун курсу түшүп кеткенине байланыштуу бюджетте акча бар. Бул акчаны тез арада айлык көтөрүүгө жумшабаса, эл кыйналууда.

- “Пенсия, пособие көтөрүлөт” деп жатат, бирок бюджеттин абалы кандай? Көтөрө алышабы?

- Негизи инфляцияга чактап көтөрсө, ошого жараша бюджетте акча бар. Мурун 40 сомдук канттан 12% салык алынса, азыр 60-70 сомдук канттан алынганы үчүн бюджетте акча көбөйдү. Бирок товардын көлөмү көбөйгөнү эмес, сомдун наркы түшкөнү буга себепкер.

Булак: Азия News гезити

Последние новости