www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылдары Евразияда Бээжиндин таасири өстү. Мындай пикирди белгилүү журналист Рид Стэндиш жазды. 

--"2017-жылы ШКУнун кеңейип, ага Индия менен Пакистандын мүчө болушун көпчүлүк байкоочулар Кытайдын таасирин азайтуу үчүн Орусиянын амалы катары караган. Ооганстандагы кырдаал курчугундан кийин Орусия аскердик кызматташуусун жандантып, ЖККУ алкагында Борбор Азия өлкөлөрүндө бир нече машыгууларды өткөрдү. Акыркы жылдары Евразияда Бээжиндин таасири өстү. Бирок ШКУнун иши натыйжалуу болуп жатабы деген чоң суроо.

Уюмдун мүчөлөрү карама-каршы пландарына чырмалып турганда Кытай “Бир алкак, бир жол" сыяктуу ири долбоорлор аркылуу таасирин күчөтүп, экономикалык кубатына таянууда. Кытайлык саясатчылар мурдагыдай эле олуттуу көйгөйлөргө көп тараптуу мамилени баалайт жана Ооганстанда башкы ролду ойногон АКШ сыяктуу өзүн көрсөтүүгө умтулбайт. Андыктан Бээжин чакырыктарга жамааттык жооп берүүгө аракет кылып жүрөт.

Бээжиндин мындай стратегияны кармана турганын Кытайдын тышкы иштер министри Ван И июль айындагы Борбор Азия өлкөлөрүнө иш сапарында дагы кыйыткандай болду", - дейт ал. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости