www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ШКУ: Индия Кыргызстанга 30 млн. доллар грант бөлөт

Индия эрте натыйжа бере турган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 30 млн. доллар грант берүүгө даяр. Бул тууралуу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Субраманьям Жайшанкар жолуккан учурда айтылды. Эки министр Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Дүйшөмбү шаарында жолукту.

Анда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтык, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү маселелер талкууланды. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тараптар телемедицина долбоорун кеңейтүү жана Бишкектеги кыргыз-индия биргелешкен билим берүү IT-борборунун ишин кайра жандандырууга көңүл бурушту.

Мындан сырткары туристтик агымды көбөйтүү, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн Дели - Бишкек - Дели багыты боюнча кошумча түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Ошондой эле, Казакбаев 2023-2025-жылдар аралыгында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине жана уюмдун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн билдирди.

Белгилей кетсек, Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатат. ШКУнун бүгүнкү саммити 16-сентябрда Дүйшөмбүдө өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынынан соң уюштурулууда. Аймактык аскердик уюмдун күн тартибинин башкы сабына Ооганстандагы кырдаал чыккан эле. Жыйынга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости