Садыр Жапаров Улуу Британиянын премьер-министрине көңүл айтты
Саясат  |   |  874

Садыр Жапаров Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго апасы Шарлотта Жонсон Валдын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

«Апаңыз Шарлотта Жонсон Валь айымдын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден көңүл айтуумду кабыл алыңыз», - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Британ премьер-министринин апасы, сүрөтчү Шарлотта Жонсон Валь 79 жаш курагында ооруканада каза болгону кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями