www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов шектелүүдө. Бул туурасында Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Кечээ, 14-сентябрда, Асанов кармалган. ИИМдин Тергөө кызматы Жазык кодексинин 309-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш ачкан. ИИМ Асанов башкалар менен көмүскө сүйлөшүп, бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелип жатканын билдирген. Бирок ал кимдер менен сүйлөшкөнүн маалымдаган эмес.

Жактоочу 14-сентябрда Тергөө кызматына Атамбаев, Акаев, Асанов жана башка адамдар курал колдонуп, бийликти күч менен басып алууга белсенгени туурасында материал келип түшкөнүн айтты.

Бул маалымат боюнча ИИМ азырынча комментарий бере элек. Депутат Жанар Акаев менен байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Ал эми Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мындан такыр кабары жок экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости