www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы кезексиз жыйынында өкмөт башчылык кызматка бекиткен Садыр Жапаров "Курорттук аймактагы башка жактардын мүлкүн рейдерлик менен басып алуу аракеттерине жана анда иштеген ишкерлерден опузалап акча талап кылууга жол берилбейт» деп билдиргенин өкмөттүн сайты билдирди.

Маалыматка караганда өкмөт жыйынында Садыр Жапаров ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Улан Ниязбековго "кырдаалды иликтеп чыгып, мындан ары бул сыяктуу аракеттерге чек коюу тапшырмасын берди".

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларынын ээлерин белгисиз адамдар опузалап акча талап кылып, менчигин тартып алуу аракеттери болуп жатканы тууралуу социалдык тармактарда түрдүү маалыматтар тароодо.

Социалдык түйүндөр аркылуу 12-октябрда тараган видеодон бир топ киши жаш келинге кагаз жаздырып жатканын көрүүгө болот. Келин “Чок-Тал айылына бир миллион сом берилет” деп мөөнөтүн тактап жазып, ал эми жанындагылар “аткарылбаса нааразычылык боло берет” деп айтып жатканы видеого тартылып алынган.

Эске салсак, 13-октябрда ондогон бизнес уюмдардын атынан бийликке кайрылуу жарыяланган. Ишкерлер парламентти кезексиз жыйынга чогулууга, күч түзүмдөрүн элдин, жеке менчиктин жана ишкерликтин коопсуздугун камсыз кылып берүүгө жана рейдердик басып алуу, талап-тоноо аракеттерине бөгөт коюууну суранышты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости