www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын укуктук чара көрүү ишмердүүлүгүн өркүндөтүү,планшет колдонуп, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун өз убагында төлөнгөндүгүн текшерүү максатында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы, "АйТи-Сервис" мамлекеттик мекемеси жана ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы менен биргеликте  атайын тиркемени иштеп чыгышкан. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган тиркеме ИИМдин ЖКККББнын  башкармалыгынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жер-жерлерде жол кыймылын көзөмөлгө алууда айдоочулардын буга чейинки эреже бузууларын жеринде текшерүүгө жана жол кыймылынын эрежелерин бузган бирок буга чейин төлөбөй жүргөн айдоочуларды аныктоого мүмкүндүк берген, бузуулардын бирдиктүү реестринде катталган бузуулардын көчмө электрондук тиркемесин ишке киргизди. 

Тиркеме “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында сүрөткө жана видеотасмага тартылган бузууларды гана эмес, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери (ЖКК) тарабынан кол менен түзүлгөн бузулар жөнүндө протоколду текшерүүгө мүнкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, ИИМдин  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бардык унаа транспортторунун айдоочуларына эгерде аларда жол эрежесин бузгандыгы үчүн түзүлгөн протоколдордун айып төлөөдө карыздар болуп калса, айыпты төлөп коюга чакырат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости