www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жаңы Конституцияны кабыл алуу кийинкиге жылдырылганын айтып, алгач эл кандай башкарууну каалап жатканын билип алууну сунуштады.
Анын айтымында, мындай суроо менен президенттик шайлоодо референдум өткөрүлүшү керек.
«Былтыр депутат Курманкул Зулушев «Парламенттик же президенттик башкарууну каалайсыңбы?» деп референдум өткөрүүнү Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. Мен ошол суроону президенттик шайлоого кошуп референдумга койсо деп суранып кетет элем. Көчөгө чыгып эки тарап болуп кыйкырышып жатышат, жалпы элдин пикирин угалы. Андан кийин ошого карап бүгүн талкууланып жаткан Конституцияны кабыл алалы», — деди Жапаров.
Ошондой эле ал экинчи графа менен «ЖК депутаттарын шайлоо бир мандаттуу жана партиялык тизме мененби же мурдагыдай эле партиялык тизме боюнча болсунбу?» деген суроону да элдин тандоосуна коюуну сунуштады. Аралаш шайлоодо 35и бир мандаттуу, 55и партиялык тизме менен парламентке келет.
Булак: NazarNews.kg