www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан элин түзгөн бардык этнос өкүлдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын ушул Конституциясын жалпы элдик добуш менен кабыл алабыз», - деп билдирүү калтырган саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына.

«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ деп так, даана, кыска аталган, өңгө жагына "билерман" болсоңор дагы Мамлекеттин аталышына кол салууну токтоткула!!! "Бойокчу, бойокчу десе сакалын кошо бойоп алыптыр..." - дегендей болбогула...

Андан көрө Конституциянын Преамбуласын төмөнкүдөй жазгыла:

Биз, Кыргыз эли,

· эгемендүү улуттук мамлекет идеясын туу тутуп,

· улуттун сакталып калышын жана өнүгүшүн камсыз кылууну, улуттук рухту жана ар-намысты бийик көтөрүүнү максат кылып,

· улуттук салтты, наркты жана дөөлөттөрдү ыйык тутаарыбызды билдирип,

· ата-бабалардын биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта жашагыла деген осуяттарын эске алып,

· кыргыз эли менен бирге Кыргызстан элин түзгөн бардык этнос өкүлдөрүнүн мүдөөлөрүн коргоо милдетин өзүбүзгө алып, биримдикте, бакубат жана бейкут жашоону камсыз кылууга белсенип,

· адам укуктары менен эркиндиктерин, жарандык жана саясий укуктарды коргоо кепилдигин ырастап,

· дүйнө элдеринин арасында татыктуу орун табууну аруу тилек кылып,

Кыргызстан элин түзгөн бардык этнос өкүлдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын ушул Конституциясын жалпы элдик добуш менен кабыл алабыз», - дейт Эмилбек Каптагаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости