www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерүй кени - жарым кылым мурун ачылган өлкөбүздөгү ири кендердин бири болуп саналат, - деп баса белгиледи Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Талас облусундагы Жерүй кенинин рудасынан алтын алынуучу Талас алтын кен комбинатынын салтанаттуу ачылышы аземинде.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзүн толугу менен келтиребиз:

Урматтуу Владимир Владимирович!

Урматтуу бүгүнкү маанилүү жолугушуунун катышуучулары!

Көптөн бери күтүп келген жана өлкөбүз үчүн маанилүү окуя болгон - Жерүй кениндеги Талас алтын кен комбинатын ишке киргизүү аземинде баарыңыздарга салам айтам.

Урматтуу Владимир Владимирович, бүгүнкү иш-чарага жеке өзүңүз катышып жатканыңыз үчүн сизге терең ыраазычылыгымды билдирүүгө уруксат этиңиз.

Алтын кен комбинатынын биргелешип ачылып жатканы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы тыгыз өнөктөштүктү жана динамикалуу өнүгүп жаткан мамилелерди күбөлөп турганын белгилеп кетким келет.

Жерүй кени - жарым кылым мурун ачылган өлкөбүздөгү ири кендердин бири болуп саналат.

Инвестициялык чечимди кабыл алуу жана ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөргө канчалаган убакыт жана күч жумшалганын баарыбыз билебиз. Биздин инвесторлор – “Альянс” компаниялар тобуна Кыргызстандын экономикасына инвестиция салгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Кенди иштетүү укугуна ээ лицензиясын алгандан бери, "Альянс Алтын" узун жолду басып өттү.

Эми азыр биздин мамлекетте Россиянын катышуусу менен Талас облусунун жана бүтүндөй Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө чоң салым кошо турган инвестициялык долбоор салтанаттуу түрдө ишке киргизилүүдө.

Инвесторлордун аткарган иштеринин алкагында салык жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө дээрлик 1,5 миллиард сом бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго бөлүнгөн. Ал эми завод ишке киргенден кийин бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү дагы көбөйөт.

Долбоорго катышкан кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 1000 адамды түзөрү кубандырат, алардын 95 %дан көбүн Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.

Учурдан пайдаланып, Жерүй кенин иштетүү боюнча кыргыз-орус масштабдуу долбоорун ишке ашыруунун маанилүү учурунун башталышы менен баарыңыздарды куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер.

Урматтуу достор!

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Россияны өзгөчө союздаштык жана достук мамилелер байланыштырып турат.

Өткөн айдын аягында Кыргыз Республикасынын Президенти катары Россия Федерациясына биринчи чет өлкөлүк сапарымды жасадым.

Урматтуу Владимир Владимирович, Сиз менен жолугушуубуз жемиштүү болгонун канааттануу менен белгилеп кетким келет.

Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп кырдуу жана узак мөөнөттүү кызматташтыгыбызды бекемдөөгө, өнүктүрүүгө, ошондой эле аларды жаңы, мындан да сапаттуу деңгээлге чыгарууга макулдаштык.

Бүгүн биз чогуу Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоордун башталышына катышып жатабыз. Бул долбоор биздин өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү болоруна күмөн жок.

Биз үчүн инвесторлорго тоскоолдуксуз иштөөнү камсыздап берүү өтө маанилүү. Буга байланыштуу мен биринчилерден болуп "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө", ошондой эле "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" Жарлыктарга кол койдум. Аталган багыттарда туруктуу саясатты жүргүзүү үчүн тиешелүү жол алынды.

Ошону менен бирге мен эки маанилүү жагдайга өзгөчө көңүлүңуздөрдү бургум келет:

-​биринчиси - ишкана менен жергиликтүү калктын ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары күчөтүү зарылдыгына;

-​экинчиси - кенди иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына.

Кыргыз Республикасы жалпы тоо-кен өнөр жай тармагынын потенциалын жогорулатууга жана ошондой эле өлкө экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн ушул сыяктуу долбоорлорду мындан ары дагы колдой берет деп ишендиргим келет.

Биз Кыргызстандын рыногуна Россиянын инвестицияларынын келишине дайыма кубанычтабыз.

Урматтуу жолугушуунун катышуучулары!

Бүгүнкү күндө Жерүй Россиянын мамлекеттик банкынын катышуусу менен ишке ашып жаткан өлкөдөгү эң ири инвестициялык долбоор болуп эсептелет.

Биздин биргелешип жасаган ишибиз Кыргызстандын экономикасына дагы башка ири инвестицияларды тартуу үчүн өлкөнүн беделине оң таасирин тийгизип, Жерүй долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу республиканын инвестициялык потенциалын өнүктүрүүгө чоң түрткү болот деп ишенемин.

Дагы бир жолу, урматтуу Владимир Владимирович, Сизге ушул долбоорду жүзөгө ашырууга жеке колдоо көрсөткөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиз.

Ошондой эле, Жерүй долбоорун өнүктүрүүгө өз салымын кошкондорго жана кошуп жаткандарга, атап айтканда, “Альянс” тобунун президенти Муса Юсупович Бажаевге, өз оюн ишеними жана чечкиндүүлүгү менен ишке ашырганы жана эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого салым кошкону үчүн ыраазычылык билдирем.

Баарыңыздарды бүгүнкү маанилүү окуя менен куттуктап коюуга жана Жерүй долбоорун ишке ашырууда “Альянс Алтын” тобуна ийгилик каалоого уруксат этиңиздер.

Урматтуу мекендештерим!

Ыйык Талас жергебиздин кымбаттуу эли!

Куттуу Талас жергеси – “кулаалы таптап куш кылган, курама жыйып журт кылган” Айкөл Манас атабыздын ордосу турган жер.

Талас бардык замандарда эркиндик, боштондук үчүн айыгышкан күрөштөрдө атпай кыргыз журтунун башын бириктирип келген. Талас – бүгүн да элибиздин ыйык жери, рухий ордосу.

Ошондой эле куттуу Талас аймагында көптөгөн улуттар ынтымакта жашап, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн биргелешип эмгектенип келген. Мына ушул ынтымактын, данакерликтин күбөсү катары бүгүн Россия Федерациясынын башчысы, бийик мартабалуу коногубуз Владимир Владимирович Путиндин телекөпүрө аркылуу катышуусу менен Талас жергесинде Жерүй алтын кенин иштетүү башталганы турат.

Урматтуу калайык-журтум!

Бул долбоорду ишке ашыруу республикабыздын, анын ичинде Талас облусунун экономикасынын өсүшүнө оң таасир берет деп ишенебиз.

Жерүй алтын кенинде алтын казылып башталгандан кийин жылына Талас облусун өнүктүрүүгө миллиондогон сом которулуп берилип турат.

Ал эми миллиарддаган сом мамлекеттик бюджеттин казынасына түшүп турат. Бул демек, бюджеттин көлөмү бир кыйла өсөт дегенди билдирет.

Урматтуу таластык туугандар!

Талас жеринде жалпы улуттук ынтымак, биримдик жөнүндө айтып жатканымдын себеби – касиеттүү Талас кыргызды кураган, журт кылган ыйык жер, Айкөл Манастын хан ордосу.

Кыргыз мамлекетинин, кыргыздардын улуттук өзөгү, улуттук тамыры да ушул касиеттүү Таластан башталат.

Алдыбызда турган максат чоң, тилек бир.

Ал – өлкөбүздүн келечеги, бакубатчылыгы, элибиздин жыргалчылыгы. Ага жетүү үчүн элибиздин биримдиги, өлкөнүн туруктуулугу аба менен суудай керек.

Ушуну эч убакта унутпайлы!

Баарыңыздарга дагы бир жолу ыраазычылыгымды билдирем, касиеттүү Таластын касиеттүү адамдары, Айкөлдүн тукумдары бар болуңуздар!

Көңүл бурганыңыздарга рахмат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости