www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу мекендештер!
Соңку учурдагы кыргыз бийлиги тарабынан өлкөдөгү прогрессивдүү күчтөргө карата жасалып жаткан саясий жана укуктук зомбулук өзүнүн болуп көрбөгөндөй чегине жетти жана коомчулукта күн сайын нараазылыктын улам жаңы толкундарын пайда кылууда. Тилекке каршы, коррупцияга кекиртегине чейин батып, көзүн май баскан кыргыз бийлиги учурда түзүлгөн кырдаалга туура баа берип, коомдогу бардык күчтөрдү канааттандыра турган калыс чечимге келүүнүн ордуна, терең ойлонулбаган, таразаланбаган, мыйзамсыз кадамдарга барууда. Натыйжада, өзүңүздөр көрүп тургандай, мамлекетте орун алган коррупциянын учурлары улам күчөп, тереңдеп, ага каршы пикир айткан инсандар куугунтукка алынып, аларга тагылган айыптоолор далил таппаса да, зомбулук менен зынданга салынууда. Мамлекеттик деңгээлдеги зомбулуктун мындай учурлары күн сайын күчөөдө жана өсүүдө. Белгилүү саясий ишмер Жапаров Садыр Нургожоевичтин тагдырына байланышкан бийликтин карасанатайлык мамилеси да буга кезектеги мисалдардын бири болуп саналат.

Кыргыз коомчулугу Садыр Жапаровду Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты жана Антикоррупциялык кызматтын комиссары катары жакшы тааныйт. Соңку 5-6 жылдагы анын саясий ишмердиги, мамлекеттин эң жогорку эшалонундагы ири коррупциялык көрүнүштөрдү аёосуз ашкерелеп, коомдогу прогрессивдүү күчтөрдү коррупцияга каршы күрөшүүгө багыттай алышы ага болуп көрбөгөндөй кадыр-барк алып келди. Тилекке каршы, коррупцияга биротоло чырмалган компотентсиз бийлик өлкөдө топтолгон проблемаларды ирети менен чечүүнүн ордуна, саясатчыны куугунтукка алып, анын мизин майтарууну максат кылып, мыйзамсыз чараларды колдонуп, түрмөгө камап, атүгүл өлтүрүп салуу аракеттерине чейин барды.
Кумтөр кенин 25 жылдан бери талкалап, аёосуз булгап жана тоноп келаткан канадалык бир катар тоо-кен иштетүү компаниялары менен “тил табышып”, чогуу аракеттенип келаткан кыргыз бийлигинин элибизге, кайталангыс сулуулукка ээ болгон жаратылышыбызга келтирген орду толгус зыянын ордуна келтирүү Садыр Жапаров баштаган мекенчил инсандардын принципиалдуу күрөшүнүн негизги багыттарынын бири экендиги баарыбызга белгилүү.

Учурда түзүлгөн кырдаалдын өтө эле өкүнүчтүү жери - бүгүнкү бийликтин өз ишмердигин прогрессивдүү күчтөр тарабынан айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен жүргүзүүнүн ордуна, теңирден тескери кадамдарга барып, репрессияны уламдан-улам күчөтүүсү Садыр Жапаровго карата бийликтин зомбулугунун ачыктан-ачык көрүнүшү. Ага карабастан, Садыр Жапаров: “мен кайсыл күнөөм же кылмышым үчүн бекинип жүрүшүм керек, эч кандай күнөөм жок, тергөө органдары чакырса барып, суроолоруна жооп берүүгө даярмын” деген ойдо бийликтин калыстыгына ишенип, чек арадан өтүү учурунда камакка алынып отурат.

Натыйжада Садыр Жапаровго кылмыш кодексинин 4 беренеси боюнча айып тагылууда: өлтүрөм деп коркутуу; кишини барымтага алуу; ээнбаштык; бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү; (113-, 227-, 234-, 341-беренелер). Ага карабастан, негизги жабырлануучу деп табылган Эмил Каптагаев: “Садыр Жапаров мени барымтага алган эмес; өлтүрөм деп коркуткан эмес, ал күндөрдө мен аны көргөн да эмесмин; мага карата ээнбаштык кылган да эмес” деп, кайра-кайра кайталап: тергөөдө, пресс-конференцияларда, интернет булактары аркылуу жарыя кылып айткандыгына карабастан, бийлик тергөө органдарын кысымга алып, саясатчыга карата укуктук зомбулукту, жалаа жабууну күчөткөндөн күчөтүүдө.

Марттын 25инде УКМКанын атайын айгакчылары тарабынан уюштурулган каргашанын натыйжасында 68 киши кармалып, көпчүлүгү админстративдик жоопкерчиликке тартылып, учурда алардын 14үнө карата кылмыш иши козголду. Белгилей кечтү нерсе – алардын 8и Жапаровдор экендигин эсиңиздерге салабыз.
25-26-март күндөрү УКМКанын тергөө башкармалыгындагы суракта тергөөчүлөр тарабынан алдын-ала “даярдалган” күбөлөрдүн Садыр Жапаровго каршы көрсөтмөлөрүнүн жок экендигин айткандыктарына карабастан, зомбулукту улантып, аны коопсуздук кызматынын СИЗОсуна калтырбастан, уюшкан кылмыштуу топ бийлеген жана үстөмдүк жүргүзгөн, элде “базар-воказал” деген атка конгон 1-СИЗОго алпарып камаган.

Адвокаттардын: “эмне үчүн мындай?” деген суроосуна УКМК жетекчилиги: “бизде бош орун калбады” деген жоопту айткан. Анткен менен, ошол эле күндүн эртеси марадёрчулукта шектелип кармалган экс-депутат Райкан Төлөгөновго УКМКанын тергөө абагынан орун кенен-кесири эле табылган. Кошумчалай турган нерсе – ошол эле күнү атын атабоону өтүнгөн УКМКанын жооптуу кызматкеринин: “конторанын тергөө абагында бош орун көп эле болчу, Жапаровду атайын, башка максатта 1-СИЗОго жабышты, абайласын, эскертип койгула” дегени бекеринен айтылбаган экен. Апрелдин 1нен 2сине караган түнүндө, күтүлгөндөй эле, Жапаровду өлтүрүп салуу аракети жогорудагы сөздөрдүн бекер айтылбагандыгын ырастады...

Учурда бийликтин таягын сүйрөгөн ММКлар, күн-түн дебей, С. Жапаровду “коррупционер, жегич,.. өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган” деп ушактап, жалаанын кара нөшөрүн жаадырышууда. Биз, Садыр Жапаровду коргоо комитети, буга ишенбегиле деп айтабыз. Кантип эле 5 убак намаз окуган, алла-таалага ыйманы менен берилип ишенген инсан тозокко алпара турган кадамга барышы мүмкүн?!..
26-март күнү Биринчи Май райсоту С. Жапаровду 32 күнгө камады. 6-апрелде Бишкек шаардык соту жүздөгөн жарандардын мыйзамдуу талаптарын эске албастан, райсоттун мыйзамсыз чечимин күчүндө калтырды. “Энеңди казы зордуктаса кайда арызданмак элең” дегендин нак эле өзү болду. Кыргыз бийлгине далай азаматтарынын канын ичкен уюшкан кылмыштуу топтун анабашчысы, мыйзамдагы ууру, миллионер Батукаевдин гана эркиндиги менен ден соолугу керек окшойт...

Урматтуу кыргыз коомчулугу! Бүгүнкү күндө УКМКанын зынданында Садыр Жапаров сыяктуу саясий куугунтукка кириптер болуп, жалаага кабылып, ак жерден жерден айыпка жыгылган көптөгөн эр-азаматтарыбыз, чыныгы мекенчил уулдарыбыз тумчугууда. Атамбаевдин соңку учурда айткандарын эске ала турган болсок, ал баш көтөрүп, сын айткандын, өз укугун талап кылгандын баарын зынданга салам деп коркуткандыгы түшүнүктүү болууда. Ошондуктан, ак жерден караланып, УКМКанын зынданында жаткан биздин мекенчил азаматтарыбызга жабылган жалаага ишенбеңиздер деп айткыбыз келет. Канкор коррупцияны тизелете турган күн келээрине аз калды. Ак ийилет, бирок сынбайт!

Комитеттин төрагасы Номанжан АРКАБАЕВ

Булак: NazarNews.kg

Последние новости