www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөндөгү жер көчкү кырсыгы болгондон бери, изилдөөсүн тынымсыз улантып жаткан ЖК белгилүү депутаты Улугбек Ормонов, жергиликтүү ый каптаган аймактагы жер көчкүнүн тарыхын айтып чыкты.

Депутаттын айтымында жер көчкү, 1993-жылы ошол эле айыл өкмөтүнө караштуу Тосой айылында катталган. Анын кесепетинен 51 жаран көчкү астында кете берген.

Андан сырткары Улугбек Ормоновдун күйбөгөн жерин күл кылган, кечээги болуп өткөн кырсык, тээ 2014-жылы эле ӨКМнын алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаментинин китебинде дагы 11 үй көчкүнүн алдында калышы мүмкүн экендиги жазылганын жар кылды.

-Мына 11 үй бүгүн көчкүнүн алдында калып жатат. Ал эми министрдин орун басары ар кандай шылтоолорго жамынып жатат. Жаранды коргоо мыйзамынын 8 – беренесинде так жазылып турат баардыгы. Өкмөткө, укук коргоо органдарына чейин кырсыкты алдын-алуу боюнча айтыш керек болчу. Жер көчкүнүн кечепетинен каза болгондордун кол жазмасын бизге таркатканыңар, менин оюмча туура эмес. Сиздер, ошол катты, кырсыкты алдын алуу үчүн колдонушуңуздар керек болчу,- деди эл өкүлү Улугбек Ормонов.

Улугбек Ормонов, ӨКМны жана жергиликтүү бийликти сынга алып, кырсыкка тийешелүү айрым жетекчилердин жоопкерчилигин кароону Өкмөттүн өкүлдөрүнө сунуштап, чоң көчкү боло турган жерге мамлекеттин акчасына жаңы мектеп салына баштаганын депутат кескин сындады.

ЖК депутатынын айтылган сынын бийликтегилер кабыл алып, жыйынтык чыгарып, көчкү астында калгандарга куран окутуп коюп кала береби же эмне кылат, аны убакыт көрсөтөт.

Ошондо кенебестиктин айынан ӨКМ министри К. Боронов кызматынан кетеби же Ош облусунун башчысы Таалай Сарыбашев менен Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиевби? Негизи кырсыкты алдын-алуу президент Алмазбек Атамбаевге  эмес, ӨКМне түздөн-түз тийиштүү...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости