www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британиянын парламентинин мүчөсү, Сооданы жана экспортту илгерилетүү боюнча парламенттик топтун тең төрагасы Лорд Джон Десмонд Уэверли Садыр Жапаровду Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоосунда лорд Уэверли Кыргызстан Улуу Британия үчүн маанилүү экендигин жана Кыргызстан Улуу Жибек Жолу боюнча Борбордук Азияга кирүүчү эшик экендигин белгиледи.

- Улуу Британия Кыргызстандын Батыштагы эң ири соода өнөктөшү жана Кытай, Россия менен Казакстандан кийинки жалпы соода жүгүртүүсү боюнча төртүнчү орунда турат. Мен муну чагылдыруу үчүн эки тараптуу мамилелерибизди олуттуу түрдө жаңыртуу зарыл деп эсептейм жана сизди эң ​​башкы приоритеттердин бири катары Лондонго келүүңүзгө чакырам», - деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле, Лорд Джон Уэверли Садыр Жапаровго мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалап өттү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости