www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы жер тездик менен айланган

Былтыркы жыл адаттагыдан кыскараак болду. Анткени Жер мурдагыдан тезирээк айланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыккан. 

Маалыматка караганда, акыркы 60 жыл ичинде мындай көрүнүш болгон эмес.

"Жердин айлануу ылдамдыгы океандардын агымы, шамал, атмосфералык басым сыяктуу факторлорго байланыштуу болот. Убакыт дүйнөдөгү эң так атомдук сааттар менен миллисекундуна чейин эсептелет. Быйыл Жер өз нугун бир жолу айланып чыккан сайын 28 жолу 0,4 секунда айырма болуп жатты", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин 1972-жылы эки күн туура 24 саатка бир нече миллисекунда жатпей калган, андан соң 2016-жылдын 31-декабрында жер өз нугун 23:59:59да айланып бүтүп койгон. Ал эми өткөн жылы 28 күн өз маалынан эрте бүтүп калды.

Мындан улам окумуштуулар мындан ары эрте бүтүп калган күндөргө секунда кошуп бергендин ордуна, келерки жылдын бир күнүнөн ошол секунддарды алып салууну сунуштап жатат.

Адистердин айтымында, секундаларды кошуп же алып коюунун ролу абдан чоң. Анткени убакыт-саатын так жазылышын талап кылган каттоолор учурунда каталар кетип калышы мүмкүн.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 


 

Последние новости