www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президентибиз Садыр Жапаров: «Атаандаштарымды жолугуп сүйлөшүп, келечекте кызматташууга чакырам» деп айкөлдүгүн көрсөттү. Туура, «чын жакшынын ачуусу бар кеги жок» дегендей, шайлоо компаниясы учурунда кандай сөздөр өтсө да кечиришип, сөз куубай элдешип алгандары жакшы деңизчи, бирок төмөндөгү Мадумаров баш болгон алты штук «шайкалардын» эки айдан бери кимдер экенин бүткүл кыргыз эли көрдү да.

Булар барган жерин бүлүндүргөн, көчө ушакчыларынан ашып түшкөн, мүмкүнчүлүк болуп калса, ар кандай кара ниет ыплас иштерден артка кайтпай турган, кыскасын айтканда: баскан издерине чөп чыкпаган ичи кара адамдар экенин далилдеп коюшпадыбы. Эгер эле Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич өз ишин өтө жогору денгээлде алып барбаганда, шайлоо алдынан эл бузарларга каршы баардык чараларды көрүп койбогондо, бул стая адамсөрөйлөр сөзсүз түрдө тополоң башташмак.

Садыр Жапаровдун колдоочулары да ылайдан жасалбаганын иш жүзүндө көп жолу көргөнбүз. Ошентип эл экиге бөлүнүп, граждандык согуш чыгып кетмек. Булардын максаты дал ошондой болчу. Бул үчүн Ташиевге канча рахмат айтсак да аздык кылат. Ал эми бийлик кызматтарындагы баардык кыйындар эл жүгүн көтөрө ала турган, эл сыйлаган, жаштарга үлгү болгон адамдар болуш керек. Биз ушул сүрөттөгү алтоон өзүбүздү зордоп кантип сыйлайбыз, буларга кантип ишенебиз?

Себеби булар шайлоо учурунда кандай гана ыплас жалгандарды токуп чыгарышып, биздин нервибизди жукартышты, каныбызды кайнатышты.

Ачык айтканда: Мадумаровду, Сегизбаевди, Калмаматовду, Сооронкулованы, Иманалиевди, Исаевди, Курсан Асановду биз бийликтин эч бир бутагынан көргүбүз келбейт. Андан калса, булардын ар бирине айтыла турган мүнөздөмөбүз бар:

1. Мадумаров шайлоодон кийин өзү айтты: «5-октябрдан кийинки чыгарган баардык мыйзамдарды жокко чыгарса, мен бийлик менен кызматташам» деп. Ушундан кийин ушул адамга кызмат сунуштап, кызматташканга чакырып болобу? Бул дагы деле менден башка билимдүү жок, мен жок болсом эмне кылышар экен деп ойлоп жатат. Орустар айтмакчы: «Святое место пустое не бывает» дегендей, Мадумаровду жолго таштай турган Медер Алиев сыяктуу күчтүү сабаттуу жаштарыбыз бар экенин көрдүк.

2. Сегизбаевдин орду түрмө, так айтканда жездесинин жанында.

3. Калмаматов пока 55 жашка чыкканча, эч жерге кызматка албай туруш керек. 55 жашка чыгып көрсүн: кандай жаш курагы экен, 55теги адам биротоло мүнкүрөп, иштен чыгып брак болуп калабы. Тем более улууларды сыйлай албаган шоркөтөн кыргыз элин сыйлап жыргатат беле?

4. Сооронкулова сабаттуу аял, бирок бул аял батышсыз жашай албайт. Муну экинчи Отунбаева деп койсок да жарашат. Бул да түнкү клубдарда пиводон жутуп, сигаретти булата тартып, анысы аз келсе ачкыл-кычкыл ырдап, жаштыктын доорун сүрүп турсун.

5. Иманалиев менен Канат Исаев Садыр Жапаровду Бакиевчи дешип күнөөлөп жүрүштү. Алигече Бакиевдин кандай президент болгонун, кандай иштегенин, экономиканы көтөрүп жашообузду жакшы жолго салып койгонун мойнуна албаган саясатчылар, булар «аштын оңою атала, иштин оңою ийик» деген иштен качкан, иш кыла албай шылтоо издеген дармоеддер. Мындайлар отуз жылда иттин уругундай балалап, өлкөгө батпай кетишкен.

6. Мен сүрөткө Курсан Асановду кошпой калыптырмын. Бул тууралуу сөз көп. Асанов да Сегизбаевдин артынан ээрчип, бара турган жерине даярданыш керек. 2010-жылдагы түштүк тополоңунда Курсан Асанов өзбек улутундагыларды чек арага ташып акча, алтындарын алган деген сөздөрдү (имиштерди) ушул күнгө чейин айтып келишет. Мен өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин ачык айта албайм. Ошол эле убакта, сөз жөндөн жөн чыкпашын баарыбыз билебиз. «Тем более» Кой Ташта Атамбаевдин кызыл пакетин көтөргөндөн кийин, ал сөздөргө ишенип деле калар экенсиң. Кызыл пакетте да алтындар бар дешкен. Эки жерде да почерк окшош болуп жатат. Генерал башы менен, кылмышкердин пакетин колунан түшүрбөй көтөрүп жүрүшүнүн себебин соо адамдар эмес, жиндиканадагы жиндилер деле түшүнүп жатышкан болуш керек.

Мен буларды жолборсту талаган стая шакалдарга аябай окшоттум.

Атаандаштарды кызматташууга чакыра турган болсо, Кочкоров Улукбек, Ташов Имамидин, Толбаев Бабурлар, Аймен Касеновдорду чакырсын. Бул адамдар шайлоодо өздөрүн достойный алып жүрүштү. Шайлоонун жыйынтыгын таанышты. Тигилер окшоп ушак айтышкан жок. Бул адамдарга сый урматтан башка сөз жок.

Мунун баары биз, карапайым элдин ою. Ал эми кандай чечет, аны жаңы президентибиз өзү билет.

Шамурза Бөрүкулов

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости