www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып чыккан митингдин уюштуруучусу жана активдүү катышуучулары Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров жана Амангелди Артыков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине жеткирилди.

"Алар массалык башаламандыкты уюштуруу чагымын жасаган. Тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тартып, таш менен уруп, Бишкек шаарынын жашоочуларынын мүлкүн талкалаган. Мындан тышкары кайтарууга алынган объекти болгон - Ак үйдүн аймагына киргенге жана Кыргыз Республикасындагы бийликти күч менен тартып алууга аракет кылган", -деген негизде кармалган.

Ушул тапта аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39 жана 309-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу аракети") менен катталган.

Эске сала кетсек кечээ, 2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Булак:NazarNews

Последние новости