www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-мартта кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм!

Мамлекеттик туубуз — эгемен мамлекетибиздин атрибуттарынын бири, ар бирибиздин мекенге болгон атуулдук сезимибизди  чагылдырып турган символ.

Мамлекеттик туубузда кыргыз элинин биримдиги, өлкөбүздө жашаган жалпы мекендештерибиздин ынтымагы чагылдырылган.

Манас бабабыздан бери сакталып, муундан-муунга өтүп келаткан кызыл туубуздун бийикте желбиреп турушун камсыздоо — ар бирибиздин ыйык милдетибиз.

Аталардын таберигин аздектеп сактап, туу астында бирге, чогуу болуубуз абзел.

Биздин сыймыгыбыз болгон кызыл туубуз ачык асманда желбиреп, Кыргызстаныбыз өнүгүп-өсө берсин!

Сиздерге ден соолук, бакты-тааалай, ийгиликтерди каалайм.

Жараткан Кудай сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»

Булак: NazarNews.kg

Последние новости