www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-марттагы митингдин айынан массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Алардын 162 менен тактоо аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң койо берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштарды жана жоруктарды бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды. Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда. 

Эске сала кетсек, 2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармаган. Кууп таркатуу учурунда таштар ыргытылып, көчө боюндагы автоунаалар, имараттар жабыркаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости