www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санк-Петербург шаарындагы Боткин атындагы ооруканага 26 адам коронавируска шектелип жаткырылды. Бул тууралуу “Российская газета” басылмасына таянып, Lenta.ru билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бары карантинге алынды. Бир адамды ооруканага жаткыруу үчүн атайын койка керектелген. Себеби, ооруканада вирус жуктургандарга атайын 25 койка дайындалган.
Мындан сырткары, бардык бейтаптардан респиратордук жугуштуу оорулардын белгилери чыккан. Карантинге алынгандар коронавирус оорусу жүрүп жаткан өлкөлөрдөн келишкен.
1-мартта Россиянын жараны Давид Беров Италиядан Москвага келип, коронавирус оорусуна шектелген. Анын диагнозун 2-мартта тастыкташкан. Биринчи Москванын №1 жугуштуу оорулар ооруканасынан тастыкташып, андан кийин акыркы жыйынтыкты чыгаруу үчүн анализди Новосибирскдеги “Вектор” борборуна жөнөтүшкөн.
Акыркы расмий маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө коронавирус оорусу менен 89 миңден ашуун адам ооруп жатат. Алардын 3 миңден ашууну каза болуп, 45 миң адам айыккан. Коронавирус оорусу Кытайдан башка дагы 60 га жакын мамлекетке тараган.
Булак: NazarNews.kg