www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-март күнү Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылып чыккандарды тараттуу учурунда, милиция кызматкери менен эл кагылышып, жаракат алгандар болду.

Кечки саат 6лар чамасында "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, андан кийин Ак үйгө бет алган Садыр Жапаровдун тарапташтарын милиция кызматкерлери тарата баштады. Алгач борбордук аянтты тазалап, андан соң митингчилерди Киев, Орозбеков көчөлөрүнө чейин сүрүп барышты. Акцияга чогулгандарды таратуу үчүн милиция суу аткычтар менен аткылашса, митингчилер күч түзүмдөрүн таш бараңга алышты.

Жыйынтыгында, бир кыздын төшүнө желим ок тийип жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Жабырлануучунун абалы канаттандыраарлык, ушул тапта Улуттук госпиталда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлерине да  таш тийип жабыркаган.

Белгилей кетсек, бүгүн Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген 5 миңге жакын адам Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышын талап кылып нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Эске сала кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

 Булак:NazarNews.kg
 

Последние новости