www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-мартта Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинггине чогулган элди күч түзүмдөрү таратты.
Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров митингге чогулган элди тынчтык жолу менен тарап кетүүгө чакырган. Бирок эл ага көнбөй, саат 17:00 чамасында, Ак үйдү көздөй милицияны жарып өтүп келишти.
Милиция менен кагылышуу болуп, таш ыргытууга чейин барышты. Ал эми милиция кызматкерлери суу менен атып, чогулган элди таратуу аракетин көрүштү.
Такталбаган маалыматтар боюнча аянтта турган айрым аскерлер буттарынан жаракат алды. Митингчилер каршылык акцияга акча үчүн чыгышып, айрым митингчилердин спирт ичимдиктери жыттанып жатышканын ошол жактагы күбөөлөр айтышкан.
Митинг учурунда камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун 9 тарапкери президенттин аппаратынын өкүлү менен жолугуп чыгышкан. Алар көтөрүлгөн жагдайды 3 күн ичинде карап, маселени чечебиз деген жооп кайтарган. Чогулган эл бул чечимге каршы чыгып, көтөрүлө башташканда, Садырдын агасы, Сабыр 3 жыл чыдаган элди 3 күн күтүүгө, провокацияга алдырбоого чакырган. Бирок, эл “жок, Садырды бүгүн чыгарып кетишибиз керек! Биз бул жерге ойноп келген эмеспиз!”-деген гана урандарды айтып жатышты.
Белгилей кетсек, абактагы Садыр Жапаров кечээ, 1-мартта тарапташтарына кайрылуу жасаган. Анда ал "укук талаасында өзүм чечип алам, ортодо чагымчылдар чыгып кетпесин. Митингге чыкпагыла",- деп жазган.
Эске сала кетсек, Жапаров 2017-жылы Караколдогу баш аламандыктар жана Ысык-Көл облусунун губернаторун барымтага алууга айыпталган.
Булак: NazarNews.kg