www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деген макалды эрксизден эстейсиң...
“Манас” эл аралык аэропортунун жетекчилигине чуу менен барган Бакыт Сыдыковдун он күндөн кийин кызматтан кетери айтылган. Андан бери эки айдан ашык убакыт өттү... Ал Курманбек Бакиевдин режиминде аэропортту каалагандай калчап, байып, коррупцияга шектелгени унутулдубу? Камалып кетерде атасы Үсөн акенин кадыры менен сакталып калбады беле? Таң каласың. Мындан башка кризис-менеджер жокпу? Көрсө, бийликтин баркы мына ушундай “калбырлуу” кадрлардан кетет тура. Эл арасында кеп болууда.
Эмесе, суроо салалы: Бакыт Сыдыковдун жездеси Нургазы Айдаров 300 миң долларга аталган кызматты кайнисине сатып берди беле? Санаалаштарына мактанганы аныкпы? Бул соболдорго жооп бере алышабы? Учурда саясатчылар арасында кызуу талкууга алынууда... Ток этээри, Садыр Жапаров президенттик кызматка шайланса, адилеттүүлүктү тутунуп, Бакыт Сыдыков сыяктуу “бай-манаптардан” кутулаарына ишене туралы. Жигиттик сөзү жерде калбаса керек...
"Азия Ньюс" гезити