www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан нааразылык акциясында 20га жакын талап коюлуп жатат.  Бул тууралуу Садыр Жапаровду колдоо кыймылынын мүчөлөрү билдирди. Алардын айтымдарында акцияда камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуудан башка өлкөдөгү сот реформасын жүргүзүү, саясий куугунтукту токтотуу, чек ара маселеси, банктан насыя алгандардын маселеси, коронавируска байланыштуу чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү сыяктуу талаптар коюлган.

Белгилей кетсек, ушул тапта Ала-Тоо аянтында өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген адамдар Садыр Жапаровдун боштондукка чыгышын талап кылып нааразычылык акциясын өткөрүп жатышат.

Эске сала кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

 Булак:NazarNews.kg

Последние новости