www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты  Таабалды Тиллаев NazarNews маалымат агенттигине учурда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аянтында мурунку депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары чогулуп жаткан митинг тууралуу пикирин билдирди.

"Ар бир жаран өз үнүнүн, өз сөзүн айтканга укугу бар. Бирок, Садыр Жапаров өзү суранбады беле?! "Митингге чыкпагыла! Мен өзүмдүн маселемди укук талаасында чечип алам",-  деп.

Митингде тартип бузбай өздөрүнүн укуктарын колдонуп тарап кетишсе жакшы. Эгер мыйзам бузушса, келечекте Садыр Жапаровдун мыйзам талаасында өзүнүн маселесин чечкенге дагы кыйыныраак болуп калат", - деди Таабалды Тиллаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости