www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сапар Исаков, милицияны полицияга айлантам, ал үчүн тийиштүү даярдыктар жүрүүдө деп 11-мартта айткан эле. Ал милицияны советтик мезгилден калган милитаристтик орган, анын ордуна калк менен кызматташкан жана байланышта болгон полиция болуш керек деп сунушун негиздеген.

14-мартта Коопсуздук Кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйынын өткөрүп, Сапар Исаковдун демилгесин “жумшак” артка түртүп койду. Сагынбаев “милицияны полицияга айлантуунун зарылдыгын азыр айтуу кыйын. Бул үчүн канча каражат кетерин эсептеп чыгып, бюджетке чегерүү керек” деп, андай ишти кандай жасоонун жол-жобосун Исаковго көрсөттү.

Бул окуяны өкмөт башчыны президенттин биринчи жолу ачык түрдө тизгинин бура тартуу катары баалоого болот. Анткени бүгүнкү күндө Сооронбай Жээнбеков таянган жалгыз орган-бул Коопсуздук Кеңеши болуп турат. Ошондуктан Коопсуздук Кеңештин катчысынын сөзүн Жээнбековдун сөзү жана позициясы катары баалоого болот.

Бишкек ЖЭБинин айланасындагы улам тутанып жаткан коррупциялык жаңжал жогору жактагыларды айласын кетирип, бири-бирин тытууга алып бараткандай.

Булардын жана Бишкек ЖЭБин “модернизациялоонун” атасы болгон Атамбаев кайсы бирине тартаарын айтуу кыйын. Анын 31-мартка белгиленген КСДП курултайында эмне деп окчуңдашын да айтуу эрте. Бирок да 7-апрелди бетине кармап, калктын көзүнө топурак чачаары турган иш…

“Elnews”

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости