www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков 16-мартта кол койгон жарлыкка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.
Мухаммедкалый Абылгазиев өмүр баяны:
1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган.
1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.
Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ:
1994-1995-жж. - «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;
1995-1997-жж. - «Ажар» ЖЧКнын аткаруучу директору;
1997-1998 –жж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонддун эксперти;
1998-1999 –жж.- Биринчи май райондук калкты ишке жайгаштыруу башкармалыгынын начальниги;
1999-2003-жж. - Бишкек шаардык калкты ишке жайгаштыруу департаментинин директору;
2003-2009-жж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун начальниги, Аппарат жетекчиси, Башкармалыгынын мүчөсү;
2009-2010-жж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
2010-2016 жж.- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;
2016-2017 жж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;
08.2017-09.2017-ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
2017-жылдын 12-сентябрынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары.
2018-жылдын 16-мартынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси.
Булак: NazarNews.kg