www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көрөрмандардын сын-пикиринен улам КТРК каналындагы "Салам, Кыргызстан!" көрсөтүүсү жабылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” каналдын башкы директору Илим Карыпбеков билдирди:

- Клара Алибекова жөнүндө көрсөтүү бир жылдан ашык мурда болгон. Бирок бул көрсөтүүнү жана "чыпалак баатыр" жөнүндө болгон окуяны мен да туура эмес, этикалык көрүнүштүн чегинен чыгып кеткен деп кабыл алып жана дагы башка көптөгөн көрөрмандардын сын-пикирлерин эске алып көрсөтүүнү жабуу жөнүндө чечим кабыл алдым.

Карыпбеков тартылып, эфирге даярдалып калган көрсөтүүлөр дыкаттык менен каралып чыгарын, ал эми көрсөтүүнүн концепциясы, алып баруучулары кайра караларын, аны КТРКнын Көркөм кеңешинин кароосуна жөнөтүү сунушталганын кошумчалады.

Буга чейин “Салам, Кыргызстандын!” ырчы Клара Алибекова катышкан чыгарылышынан үзүндү Интернетке тарады. Анда алып баруучулар аягында ырчыны шылдыңдап сүйлөшүп отурганын көрүүгө болот. Ошондой эле "чыпалак баатыр" атыккан Зарлыкбек Аликеновго да күлүп жаткан видеосу Интернетте тараган болчу.  Бул тууралуу маалыматты "Азаттык" сайты жазып чыкты. 

Негизинин КТРК башчысы Илим Карыпбековдун бул кадамы туура. КТРК "сахна" эмес...Сахна маданияттулукту талап кылат. 

Баракелде Илим мырза, элдин пикири менен болуңуз...Баса, КТРКнын эки көрсөтүүсүнө биздин редакцияга арыз келип түшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости