www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Негизи эле ары бери талашпай Ордо калааны «МАНАС» деп койгонубуз туура. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Капатагаев бүгүн, 4-мартта өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
«Жалган жерден тарых жаратуу жакшылыкка алып барбайт... Бишкек ысымдуу инсан жашап өткөн болсо дагы ал кишинин атынан жер аталып калганбы же болбосо ушул Бишкек деген жерде туулуп калганы үчүн ата-энеси ага Бишкек деп ат койгонбу белгисиз... Негизи Чүйдөгү жер-суунун аттары Кара-Балта, Сокулук, Бишкек, Токмок деп бир логика менен аталганы бекер жерден эмес, кыргыз эли жөн эле атай бербейт эле. Анын үстүнө жазуучу Нурия Шагапова өзү моюнуна алып жатат, 1991-жылы академик Плоскихтин өтүнүчүн менен «Бишкек жомогун» ойдон чыгарып жаза салдым эле деп... Эми минтип «Ордо калааны негиздөөчү» катары ташка чеккен таптакыр натуура иш... Документалдуу тарыхый далил жок болгондон кийин бул ишти токтотуу керек, өтө тереңдетпей. Негизи эле ары бери талашпай Ордо калааны «МАНАС» деп койгонубуз туура. Ушул маселени 11-апрелде боло турган референдумга конституция мене кошо чыгарса да туура болот, Ордо калааны «МАНАС» деп атоого элди пикирин сурап. Болбосо Шагапова деген жазуучу жазган жомоктун каарманы, ошонун атынан Ордо калаабыз Бишкек деп аталат дегендин өзү уят», - белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg