www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Саясий репрессияга каршы туруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу комитеттин аткаруучу директору Адил Турдукулов жергиликтүү басылмалардын бирине билдирген.
Анын айтымында, өлкөдө бардык президенттердин тушунда бийлик оппозициялык көз караштагы жарандарды репрессиялап, кысым кылууга сотторду, күч органдарын, кол бала маалымат каражаттарын, атүгүл криминалды пайдаланып келген. «Тилекке каршы, азыркы бийлик учурунда да бул көрүнүш өзгөргөн жок.
Парламенттик шайлоонун алдында саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер, блогерлер түрдүү кол салууларга, камоолорго, маалыматтык чабуулдарга кабылып жатышат. Аларга көп миллиондогон соттук доолор коюлууда. Буга каршы туруу үчүн биз Саясий репрессияларга каршы туруу комитетин түздүк», — деп жазылган билдирүүдө.
Комитет саясий туткундардын, сот адилетсиздигинен жапа чеккендердин жана өзүнүн жарандык ишмердиги үчүн куугунтукка алынгандардын укугун, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону көздөөдө.
Булак: "NazarNews.kg"