www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн,  4-мартта Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына  өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлору каралып жатат. 

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынына министрлер эмес, алардын орун басарлары гана келген. Алар өздүрү келип жыйынга катышышы керек. Бул тууралуу төрага Дастанбек Жумабеков булк этти.

“Министрлер өздөрү келиши керек. Бул  комитетте каралган. Өткөндө да ушул маселени айтканбыз. Биз кайдан билебиз, алардын кайда жүргөнүн. Өзү каалагандай болбойт. Көрсүн, билсин өзү”,-деди төрага Жумабеков.

Төмөндөгү министрликтин министрлери жыйынга келген жок. Алар кайда жүрөт?

1.Эмгек жана социалдык өнүгүү министри

2.Кыргыз Республикасынын экономика министри

3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости