www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий соодалашуунун соңу кандай бүттү?

30-ноябрда Садык Шер-Нияз менен Садыр Жапаров жолугушуп, өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулашты. Алмамбет Шыкмаматовдун демилгеси менен өткөн бул сүйлөшүүдө президенттикке аттангандар консенсуска келишкенин Шер-Нияз белгилеп, өз талапкерлигин алып салууну чечкенин маалымдады. Элдин 70%ы Жапаровду колдоп жатканын айткан Шер-Нияз, кабыл алынган чечим анын тарапташтары менен кеңешилгенин айтат. Ал эми саясий талдоочулардын пикиринде, саясатчылардын позицияларын алмаштыруусу, соодалашуусу сыяктуу көрүнүштөр дүйнөлүк саясий тарыхта деле болуп келген.

Азамат Темиркулов, саясий илимдердин доктору:

“Саясатчылар айрым учурда өз позицияларын алмаштырат. Бул бир эле Кыргызстанда эмес, башка өлкөлөрдө деле болгон көрүнүш. Бирок, идеология жагынан позиция туруктуу болушу шарт, андан тайбашы керек.

Бул принципиалдуу маселе. Биздеги президенттик шайлоонун ичинде болуп жаткан процесстерди анализдеп көрсөк, анда “өлкөнүн өнүгүшүн ойлоп шайлоого баратам” дегендерге ишенүү кыйын. Мунун артында кресло, акча үчүн соодалашуу бар экени белгилүү болуп калды”, - дейт Темиркулов.

Булак: "Азия News" гезити

Последние новости